Мазмунга өтүү

Бид'а

Википедия дан

Бид'а (жаңылык, жаңылык киргизүү) — бул динде болбогон, Мухаммед пайгамбардын жана анын жактоочуларынын өмүрү өткөндөн кийин ислам динине киргизилген жаңылыктар. Бид'аны аныктаган жана бири- биринен аиырмаланган эки көз караш белгилүү. Кээ бирлер «киргизилген жаңылык» деп Мухаммед пайгамбардын өмүрү өткөндөн кийин кылымдар бою мусулман коомунда пайда болгондун баарын эсептешет. Алардын бид'а термини тууралуу түшүнүгү кыйла кенен. Алар бардык жаңылыктарды «жаман» жана «жакшы» деп экиге бөлүшөт. «Жакшы» жаңылыктарга (бид'а аль-хасан) алар Курандын жана Сүннөттүн жоболоруна каршы келбегендин баарын киргизишет, мисалы, үн күчөткүч аркылуу намаз окууга чакыруу (азан); ал эми «жаман» (бид'а ас-саййиа) деп — Куран жана Сүннөткө каршы келгендин бардыгы саналат. Ошентип, кээ бир ислам агымдарындагы ар кандай жаңылыктар салттуу терминология түрүндө укуктук маселелерде жолуга баштады: важиб, мандуб, мубах, макрух жана харам. Мисалы, фикха 2 ыкмасы менен араб тилинин грамматикасын окуу, алардын оюу боюнча милдеттүү түрдө киргизилген (важиб) жанылык болуп калды, ал эми сунниттик дин окуусуна каршы келген кээ бир секталардын көз-карашын, алар тыюу салынган (харам) жаңылык деп аташкан. Бирок мусулман уламаларынын башка бөлүгү диндеги жанылык киргизүү маселеси боюнча жогоруда берилген көз караштар менен макул эмес. Алар Куранда жана Суннөттө негизи бар нерсени бид'а аль-хасан деп атоого болбойт деп эсептешет. Тагыраак айтканда, исламдын алгачкы булактарында аталып кеткен диндин негизги идеяларын жанылык киргизүү деп атоого болбойт, эгерде кийин кээ бир түшүнүктөр, же нерселер өнүгүүгө душар болсо да. Жаңылык киргизүү деп Куранда же Сүннөттө каралбаган принципиалдуу жаны нерсени атоого болот. Жогоруда көрсөтүлгөн динге жаңылык киргизүү маселеси боюнча эки көз караштын ортосунда бир гана окшош позиция каралууда. Экөө тең диндин рухуна каршы келүүчү жанылыктарды кабыл албайт. Мындан тышкары, динге «жакшы» жаңылыктарды киргизүүгө уруксат берүү ортодоксалдык диндин башка салттар менен аралашуусуна алып келиши мумкун. Ошондуктан бид'а маселеси боюнча экинчи көз караш ортодоксалдуу уламалардын чөйрөсүндө кыйла жайылган болуп саналат. Бирок эл арасында биринчи көз-караш орундалган, анткени ал аркылуу алар кээ бир улуттук салттарын жана үрп адаттарын динге киргизип, исламдыкы катары көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.