Доктур Ватсон
Доктур Ватсон | |
Dr. Watson | |
Доктур Жон Ватсон (сол жакта) жана Шерлок Холмс. Сидни Паджеттин эмгеги | |
Жаратуучу: | Артур Конан Дойль |
Чыгармалар: | Шерлок Холмстун библиографиясы Шерлокиана |
Биринчи эскерилген: | «Кочкул кызыл түстөгү этюд» повестинде (1889) |
Жынысы: | эркек |
Улуту: | Англичан |
Раса: | европеид |
Жашаган жери: | Лондон, Улуу Британия АКШ (убактылуу) |
Туулган датасы: | 1850-чү жылдары |
Үй-бүлөсү: | атасы Генри Ватсон, байкеси Генри Ватсон, аялы Мэри Морстен (1888 - 1892) |
Наамы: | медицина доктуру |
Ишмердүүлүк түрү: | врач; Шерлок Холмстун жардамчысы жана биографы |
Прототип: | Артур Конан Дойль, Альфред Вуд |
Рольду жараткан: | Роланд Янг, Лев Борисович Круглый, Виталий Соломин, Эрнст Романов, Эдвард Хардвик, Бен Кингсли, Джуд Лоу, Мартин Фримен, Роберт Дюваль, Ян Харт, Найджел Брюс, Дейсид Берк, Патрик Макни, Алан Кокс, Джеймс Мэйсон, Андрей Панин |
Уикицитата | Цитаталары Уикицитатада |
Уикиказына | Файлдар Уикиказынада |
Доктур Жон Ва́тсон (о. э. Уо́тсон, англ. Dr John H. Watson) — Артур Конан Дойлдун Шерлок Холмс тууралуу аңгемелеринин персонажы. Шерлок Холмстун досу, биографы жана жардамчысы. Конан Дойльдун Холмс тууралуу көпчүлүк китептеринде баяндоо доктур Ватсондун атынан жүргүзүлөт.
Доктур Жон Ва́тсондун проттотиби катары Конан Дойлдун өзү эсептелет. Бирок сэр Артур өзүнүн мемуарларында прототип катары майор Вудту (англ. major Wood) көрсөтөт. Альфред Вуд Конан Дойлдун секретары болуп, анын жанында 40 жылдай жүргөн.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1872-жылы ал Лондон университетине окууга өтөт, Ыйык Варфоломей ооруканасында хирург болуп эмгектенет.
1878-жылы Медицина доктуру даражасын алат. Аскер врачы кызматына аскердик кызматка өтөт. Алгач Индияга, анан Афганистанга барат.
1880-жылы Майванд салгылашында жарадар болот. Пакистандык Пешавар шаарында келте оорусунун бир түрүнө чалдыгат. «Оронтес» аскердик унаасында Лондон шаарына кайтып келет. Стрэндтеги жеке мейманканалардын бирине жайгашат.
1881-жылы Шерлок Холмско менен таанышат. Бейкер-стритте Хадсон ханымдан батир ижарага алышат.
1883 жана 1887 жылдары бир нече убак АКШда жашайт. Сан-Францискодо өткөн жеке доктурдук тажрыйбасы бар.[1]
1888-жылы анын байкеси Генри көз жумат.[2] Ватсон Мэри Морстенге жолугуп, ал менен турмуш курат. Покупает практику в Паддингтондо практикага ээ болот. Аны 1891 жылы кайра сатып, Кенсингтонго кайтып келет.
1891-жылдын аягы — 1892-жылдын башында Мэри Морстен жана алардын баласы каза болушат.
1894-жылы Ватсон Кенсингтондогу практикасын сатып, Бейкер-стритке кайтып көчүп келет.
1902-жылы ал королева Аннанын көчөсүндөгү апартаменттердин бирине көчөт. Жаңы үй-бүлө куруп, доктурдук тажрыйбасы менен эмгектене баштайт.
Шерлокиана дүйнөсүндө Холмстун биографы катары чыгат. Сыщиктин компаньону жана жакын досу, бир нече аңгемелер жана повесттерде анын буйругу менен иш аткарып, аягында баарына отчёт берет. Байкоочулук жактан Холмско анча деле жете бербейт. Бирок Холмско көптөгөн кызматтарды: өмүрүн сактап калып, медицнага байланыштуу суроолорду чечип берип кызмат көрсөткөн.
Биографиясынын апокрификалык фактылары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Фан-сайттардагы Ватсондун биографиясында көптөгөн Конан Дойльдун китептеринде жок маалыматтар камтылат.
Мисалы,
- Ортонку аты Хэ́миш[3].
- Ватсон 1852-жылдын 7 июльда (же 7 августа) төрөлгөн. Чынында туулган жылы анын доктур наам алган жылдан (1878) артка карай саноо менен алынган.
- 1854-жылы Ватсондун үй-бүлөсү Австралияга көчүп кетип, [4] 1865-жылы Англияга кайтып келишкен.
- Ватсон белгисиз себептерден улам 1929-жылдын 2 октябрында көз жумган.
Аты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Конан Дойльдун чыгармаларында Ватсон өз аты менен үч жолу аталат. «Кочкул кызыл түстөгү этюд» повестинде «Аскердик-медицина кызматынын мурунку офицери, медицина доктуру, Жон Х. Втсондун эскерүүлөрүнөн» деген аталышта кошумча сөз башы бар (англ. Being a reprint from the Reminiscences of John H. Watson, M.D., Late of the Army Medical Department). «Торск көпүрөсүнүн табышмагы» аңгемесиндеги курьер сумкасынын башында Ватсондун жазуулары жаткан жерде: «Жон Х. Ватсон, медицина доктуру, Индия армиясынын мурунку аскер кызматкери» деген жазуу бар. «Эрди жарадар адам» аңгемеде аны аялы Жеймс аты менен чакырат.
Ватсон маданиятта
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Орусияда ушул персонаждын аты менен аталган «Доктур Ватсон» музыкалдуу топ бар. Алар ретро багытындагы ырларды аткарышат.
- Шерлок Холмс менен доктур Ватсон — көптөгөн анекдоттордун каарманы[5].
Кызыктуу фактылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2007-жылдын 27 апрелинде Москва шаарынын, Смолен набережнаясында Улуу Британиянын элчилигинин мандайында «Шерлок Холмс менен доктур Ватсон» скульптордук композициясы ачылган[6] (скульптор Андрей Орлов). Шерлок Холмстун прототиби катары Василий Ливанов, ал эми Ватсондуку — Виталий Соломин болгон.
- Microsoft Windows оперативдик системасынын Windows XP версиясына чейин «Dr. Watson» аталыштагы программасы коюлуп келген. [7]. Windows Vistaдан баштап ал программанын аталышы өзгөрүлгөн[8].
- Ватсондун сыйына, анын аты менен астероид (5050) Доктур Ватсон аталган ( 1983 жылы ачылган).
- «Доктур Хаус» сериалынын баш каарманы, доктур Жеймс Уилсон, Ватсондун негизинде жаратылган, бирок Хаустун жардамчысы эмес.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Артур Конан Дойль. «Караңгылыктын периштеси» (пьеса), 1890 жыл
- ↑ Артур Конан Дойль. «Төртөөнүн белгиси», гл. I
- ↑ (англ. Hamish)Hamish — Meaning of the name
- ↑ «Мне приходилось видеть нечто подобное под Балларэтом.» («Төртөөнүн белгиси», гл. V)
- ↑ Шерлок Холмс жана доктур Ватсон тууралуу анекдоттор
- ↑ В Москве открыт памятник Холмсу и Ватсону
- ↑ Why is Windows Error Reporting nicknamed "Dr. Watson"?. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2012.
- ↑ What happened to Dr. Watson?. Түп булактан архивделген күнү 2 -март (жалган куран) 2012.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шерлок Холмстун музейи
- Биография
- Шерлок Холмс Публичная Библиотека
- Аналитический профиль Хороший Врач
- Спекуляции на доктора Уотсон Шесть Жен Archived 2010-01-09 at the Wayback Machine
- Пост-колониальный каноническое и культурное пересмотр Конан Дойла Холмс повествования Archived 2010-11-04 at the Wayback Machine
|